АРА КҮНДӨР (#15463)

*«Айам-и-Ха» Бахаи календарындагы Мүлк (Үстөмдүк)  жана Ала (Бийиктик) айларынын ортосундагы, 26-февралдан тартып 1-март аралыгындагы күндөр, бул күндөрү Орозого даярдык көрүлөт жана меймандостук, кайрымдуулук, бири-бирине белек берүү менен коштолот. 

О, менин Кудайым, жанган Отум жана жарык Нурум! Мына, Өзүңдүн Китебиңде жазылган Айам-и-Ха күндөрү башталды, о, Сен, ысымдардын Өкүмдары, Сенин жаратуу дүйнөңдө бардык жандар үчүн тутууга туура келген Сенин улуу Калемиң менен аныкталган Орозо жакындап калды. О, айланайын Теңирим, ушул күндөрдүн урматына жана бул күндөрү Сенин осуяттарыңдын учугуна жармашып, Өзүңдүн буйругуңдун дарагын карманган бардык адамдар үчүн Өзүңө жалынам, ар бир жан Сенин корооңдун чегинен жай тапсын жана дидарыңдын жарыгы асемдик менен көрүнгөн саатта тактын ээси болууну аларга насип кыла көр. 
О, кагылайын Теңирим, Сен Китебиңде түшүргөн нерселерден эч бир азгырык алагды кыла албаган пенделериң мына. Алар Сенин Ишиңдин алдында башын ийип, Өзүң жиберген чечкиндүүлүк менен Китебиңди кабылдашты, аларга эмнени буйруган болсоң, бардыгын карманышты, Өзүң жиберген жолду жолдоону тандашты. 
О, айланайын Теңирим, Өз жазмаларыңда ачкандардын баарын кабылдап, ошону жолдоп келген пенделериңди көрүп турасың. О, Аллам, Өзүңдүн ырайымдуу колуңдан мүрөк суусун аларга ичире көр. Сенин жакындыгыңдын мухитине чөмүлүп, Өзүң менен жүз көрүшүү шарабынан даам таткандарга аныктаган сыйлыктарыңды аларга да насип кыл.
О, падышалардын Падышасы, басынгандарга Жан Тартуучу; бу дүйнө менен о дүйнөнүн жакшылыктарын алар үчүн аныктай көр деп Сага жалынам. Өзүң жараткандардын эч кимиси ача албаганды аларга жибере көр, Сенин баардык ааламдарыңда Өзүңдү курчап, тагыңдын айланасында жүргөндөрдүн катарына кош.
Сен, акыйкатта, бардыгынан Кудуреттүү, бардыгын Билүүчү, бардыгынан Билермансың.

-Bahá'u'lláh
-----------------------

